Карыларга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга арналган Бишкек шаарындагы жалпы типтеги социалдык стационардык мекеменин  145 тургуну жана 71 кызматкери эмдөөдөн өткөн, бир күн мурун дагы 52 адам эмделди.

Эске салсак, азыр кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн интернат жана күндүз болуучу муниципалдык борборлор эпидемиологиялык абалды жакшыртууга чейин карантинде жабылган.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден бардык сактык чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактаңыздар, антисептиктерди колдонуңуздар, имараттын ичин желдетип, коронавирус инфекциясына каршы вакцина алыңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!