Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов соода борборлорунда жайгашкан эмдөө пункттарынын иши менен таанышты.

Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев дагы эмдөө пункттарына барды.

Эмдөөдөн өткөндөр жөнүндө маалымат бирдиктүү маалыматтык ресурска киргизилип, алардын ден-соолугунун абалы райондук ыкчам топ тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Белгилей кетсек, Кытайда чыгарылган Синофарм эмдөөлөрүнүн кезектеги партиясы Кыргызстанга келди. 240 миң доза борборго бөлүнгөн. Шаардыктарга ыңгайлуу болуш үчүн, үй-бүлөлүк медицина борборлорунан тышкары, соода борборлорунда эмдөө пункттары дагы иштейт.

Эске салсак, эмдөө ыктыярдуу мүнөздө, ал эми биз сиздин ден-соолугуңузга жана үй-бүлөңүздүн ден-соолугуна кам көрүп, вакцина алууну сунуш кылабыз. Дени сак болуп, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бериңиз.