“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан “Жарандык демилгелер” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча 10 объектиде жумуш аяктады.

“Бакай-Ата” конушундагы №85 мектебине чуркоо аянтчасы курулду, ал демилге ушул аймактын активисттери тарабынан көтөрүлгөн. Эркиндик көчөсүндө жайгашкан №6 орто мектептин аймагына таман таш (брусчатка) төшөдүк.  

Ошондой эле, “Тунгуч” кичи районундагы жөө адамдар өтүүчү жолду жаӊылап, №7 кичи районундагы №14,15 үйлөрдүн маӊдайындагы жолго асфальт төшөп, ирригация тармагын салдык.

“Төкөлдөш” конушундагы, “Аламүдүн-1” кичи районундагы №46 үйдүн маӊдайындагы, “Куруучулар шаары” кичи районундагы №11,12 үйлөрдүн алдындагы жолдорго асфальт салынды. Ошондой эле, “Спартак” стадионунун аймагына эки кабат асфальт, Күрөӊкеев көчөсүнө жана №27 кварталына жөө адамдар өтүүчү жол салынды. Чугуев чолок көчөсүнүн жолу дагы оӊдоп түзөөдөн өткөрүлдү.

Алдыда, Охот жана Ош чолок көчөлөрүнө, Кочкор, Шмидта, Барнауль, Матыев көчөлөрүнө шагыл төгүү иштери пландалууда.  
Белгилей кетсек, “Жарандык демилгелер” долбоору Бишкек шаардык кеӊештин депутаттары тарабынан каржыланат.