Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери COVID-19га каршы «Синофарм» вакцинасын алууну улантууда.

Белгилей кетсек, республикага «Синофарм» вакциналарынын 1 миллион 250 миң дозасы келген, анын 240 миң дозасы борборго бөлүнгөн.

Урматтуу шаардыктар, Бишкек шаарынын мэриясы ар бир адамды ден соолукту сактоого жана  коомдук транспортто бет кап кийип жүрүүгө, социалдык аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болуп, эмдөө жүргүзүүгө чакырат. Вакцинация - коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуучу эң натыйжалуу ыкма. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!