Ленин районунун жетекчилиги бардык инженердик коммуникацияларды жаңыртууну эске алуу менен тамактануу блокторунда оңдоо иштери жүрүп жаткан Ленин районундагы № 47 жана 57 билим берүү мекемелеринде болушту.

Ошондой эле, инспекция № 80 орто мектебинде болуп, мектептин чатырынын жана балкондорунун оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыгышты. Оңдоо иштеринин бүтүшү менен мектеп окуу класстарын, ийримдерди уюштурууга кошумча кабинеттерди ачмакчы.
№185 мектепке чейинки билим берүү уюмунда терезе блокторун алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Азыркы убакытта подряддык «Темир Строй» ЖЧКсы тарабынан мектептин эски терезелердин бардыгы алынып салынып, жаңы терезелер орнотулууда.

Бишкек шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын 2021-жылга болгон титулдук тизмесине ылайык, быйылкы жылы Ленин районунда 17 билим берүү объектисин - 14 мектепти жана 3 бала бакчаны оңдоо пландалууда.