Свердлов районунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо боюнча рейддик иш-чаралар активдүү жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыгынын жана Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ райондогу мечиттер менен чиркөөлөрдү дагы бир жолу текшерип чыгышты.

Жалпысынан, аймакта 67 ислам жана 29 христиан мекемелери жайгашкан.
Рейддик текшерүү учурунда бет кап режимин жана зыяратчылардын ортосундагы аралыкты сактабагандыгы үчүн 1 мечитке жана 1 намазканага айып пул салынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө афишалар таратылып, коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз, 118 колл-борборунун дарыгерлерине кайрылсаңыз болот. Биздин операторлор сизге ар дайым жардам берүүгө даяр. Бет кап кийүүнү, колуңузду антисептик менен тазалоону, аралыкты сактоону жана албетте иммундук системаны бекемдөөнү унутпаңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.