15-июлда борбор калаада 575 адам коронавирус илдетинен айыкты.

Жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 726 учурду түзсө, 593 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 233, Биринчи май району - 101, Октябрь району - 144, Свердлов району - 115. Шаарда каттоосу жок - 133. Жалпы  учурлардын ичинен 681 учур белгилери бар, 45 учур белгилери жок, 658 учур амбулатордук дарыланууда, 68 учур стационарда дарыланышууда.

Тилекке каршы, 6 өлүм учуру катталды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздердин жоопкерчилигиниздер үчүн рахмат. Көпчүлүк шаардыктар оорунун кичинекей белгилери байкалса, дароо  медициналык кеңеш же жардамга кайрылып, өзүн-өзү обочолоодо.  Биз бирге жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.
Сиздерден  бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди  жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар. Биз бирге жеңебиз!