Свердлов районундагы ачык жана жабык коллектордук-дренаж арыктарын кол менен жана атайын техника менен тазалоо иштери улантылууда.

2021-жылыдын 6 ай ичинде райондун аймагында 24.3 км ачык коллектордук дренаж арыгы тазаланды. Андан тышкары 34.6 км сугат суу арыктары тазаланды.

Бүгүнкү күндө Батыш Чоң Чүй Каналынын (БЧЧК) жээгиндеги Осмонкул көчөсүнөн Курск тар көчөсүнө чейинки 500 метр ачык коллектордук дренаж арыгын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Ирригациялык системаны таза кармоону, муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууну жана шаардык тейлөө кызматкерлеринин эмгегин урматтоону суранабыз.