Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Нарвская №74 дарегиндеги  кароосуз калган бала бакчанын имаратына барды.

2019-жылдын 21-ноябрына чейин имарат жеке менчикте болгон, андан кийин муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына максаттуу пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилген.

Бактыбек Кудайбергенов жеке өзү инженердик коммуникацияларды текшерип, жашыл аянтчаларды милдеттүү түрдө сактоо менен мекемени реконструкциялоону тапшырды.

Имараттын эскизин иштеп чыгуу үчүн Капиталдык курулуш башкармалыгы тендер өткөрүп, анын жыйынтыгында жеңүүчү компания "АСК Система" ЖЧКсы өз ишин баштады.

2021-жылы имаратты реконструкциялоонун долбоорун аяктоо пландалууда. Долбоордук-сметалык документацияга ылайык, уюмдун ремонту 2022-жылы курулуш объектилеринин титулдук тизмесине киргизилет.