2021-жылдын 19-июнунан тартып Кривоносов көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн тартып Тойгонбаев көчөсүнө чейин оңдоп-түзөө иштерине жабылаарын Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы маалымдайт.

Оңдолуучу бөлүктүн узундугу 900 метр. Оңдоп-түзөөдөн кийин жүргүнчүлөр өтүүчү бөлүктүн туурасы 7 метрди түзөт, ошондой эле сугат лотоктору орнотулуп, жолдун эки тарабынан туурасы 1,5 метрди түзгөн тротуарлар төшөлөт.

Альтернативдик көчөлөр болуп Крылов жана Маликов көчөлөрү саналат.

Жол “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү"” долбоорунун (2-фаза) алкагында, КЭРдин грантынын эсебинен оңдолуп жатат.
Оңдоо иштерин ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана автоунаа менен жүрүү үчүн маршрутту алдын ала ойлонуп чыгууну өтүнөт.