16-июлда борбор калаада 674 адам коронавирус илдетинен айыкты.
Жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 702 учурду түздү, алардын ичинен 581 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 176, Биринчи май району - 145, Октябрь району - 107, Свердлов району - 153. Шаарда каттоосу жок - 121. Жалпы учурлардын ичинен 671 учур белгилери бар, 31 учур белгилери жок, 642 учур амбулатордук дарыланууда, 60 учур стационарда дарыланышууда.
Тилекке каршы, 6 өлүм учуру катталды.
Урматтуу шаардыктар! Сиздердин жоопкерчилигиниздер үчүн рахмат. Көпчүлүк шаардыктар оорунун кичинекей белгилери байкалса, дароо медициналык кеңеш же жардамга кайрылып, өзүн-өзү обочолоодо. Биз бирге жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.
Сиздерден бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар. Биз бирге жеңебиз!