Түн ичинде болгон жылуулук тармагындагы авариянын айынан Жал кичи районунун 29 турак үйүндө ысык суу жок.

Учурда "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын оңдоо бригадасы бардык керектүү техникалар менен жеринде иштеп жатышат. Кырсык бир нече сааттын ичинде четтетилет.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.