Шаардын эки көчөсүнүн ачылышына борбордун мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов катышты.

Койбагаров көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин 1,22 чакырым толугу менен реконструкцияланды. Тротуарлар жаңыртылды, оңдоодон кийин жолдун туурасы 9 метрди түзүп, турак үйлөргө жанаша жайгашкан аймак асфальтталды. Жол катмарынын жалпы көлөмү 1025 м2, калыңдыгы 12 сантиметр болду.

Ошондой эле Фере көчөсүн Тоголок Молдо көчөсүнөн  Элебесов көчөсүнө чейинки 1,2 км бөлүгү оңдолуп, тротуарлар төшөлдү. Реконструкциядан кийин жолдун туурасы 8 метрди түздү. Тротуардын жалпы көлөмү 9600 м2, тротуардын калыңдыгы 12 см. Көчөнүн боюндагы 200 дарак толугу менен сакталып калгандыгын эскертебиз.

Эки көчөгө тең сугат тутуму орнотулду.

Учурда 7 көчөдө жол куруу иштерин бүтүрдүк, 29 көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта дагы 8 көчө оңдоо иштери үчүн жабылат.

"Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында көчөлөр оңдолуп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы менен  China Road and Bridge Corporation корпорациясынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө  жана 5 көпүрө оңдолуп курулат.