Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов №46 мектепте болуп, жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин сапаты менен таанышты.

Билим берүү мекемесинин жаңы имаратында жылытуу тутуму оңдолуп жатат. Буга чейин жылытуу иштери эски имаратта дагы оңдолуп келген.

Учурда жылуулук тутуму демонтаждалууда. 750 чоюн батареясы орнотулат.

Оңдоо иштерин “Гипостил” ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Шаар башчысы билим берүү мекемесинин периметри боюнча тосмо уюштуруу керектигин белгиледи.