Бул маданий иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын № 4 Балдар искусство мектебинин “Нур” фольклордук ансамблинин коштоосунда “АДИС” вокалдык-хореографиялык ансамбли, CIOFF Кыргызстан жаштар секторунун өкүлү, Кыргыз Республикасынын искусствосун көрсөтүшкөн дизайнерлер, кол өнөрчү-саймачы ж.б. барып келишти.

Биздин артисттер “Манас” эпосунун бир үзүмүн камтыган программаны көрсөтүштү. Балдар искусство мектебинин мугалими Урматбек уулу Узак өз номери менен чыкса, белгилүү дизайнер Иван Корнилов “Умай эне” кыргыз этникалык модасын көрсөттү. Мындан сырткары 10дон ашык улуттук бийлерди жана күүлөрдү, анын ичинде “Маш ботой”, “Сарынжы – Бөкөй”, “Кыргыз жолу” жана биздин улуттук бий болгон “Кара жорго” ж.б. аткарышты.

Катышуучулар Башкортостандын борборунда гана эмес, фестиваль өтүп жаткан Чыгыш округунун беш муниципалитетинде да өнөрлөрүн тартуулашты. Концерттерден тышкары, уюштуруучулар фестивалдын коноктору үчүн көргөзмөлөрдү, мастер-класстарды, ар кандай интерактивдүү аянтчаларды, катышуучулардын улуттук кийим параддарды да даярдашты.

Күн сайын концерттер катышуучулардын чыгуулары менен башталып, чакырылган белгилүү маданият өкүлдөрүнүн жана топтордун чыгуулары менен аяктап жатты. Алардын катарында Россия Федерациясынын Эл артисти Надежда Бабкина жана “Русская песня” ансамбли, ырчы Манижа, серб кинорежиссеру жана музыкант Эмир Кустурица жана башкалар бар.

Башкортостан Республикасынын Улуттук музейинде “Дүйнө элдеринин маскалары” жана “Дүйнө элдеринин музыкалык аспаптары” көргөзмөлөрүндө кыргыздын музыкалык аспабы комуз да татыктуу көргөзүлдү.

Фестивалдын катышуучуларынын масштабдуу парады борбор калаанын чоң көчөсүндө өтүп, ал 200дөн ашуун улуттун өкүлдөрүн жана 2700 адамдын тегерек бийи менен аяктады. 2 дүйнөлүк рекорд орнотулду - бул 57 мамлекеттин өкүлдөрү жана бир тегерек бийде 71 улуттун өкүлдөрү катышкан.

Уфа амфитеатрындагы маданий иш-чаранын салтанаттуу жабылышын “Русские витязи” пилоттук тобу баштап берди. Концерттик программаны Россиядагы эң байыркы профессионалдык элдик хор - Пятницкий атындагы Мамлекеттик академиялык орус элдик хору ачты. Кыргызстан өз спектаклин "Манас" эпосунан үзүндүнү жана белгилүү "Кара жорго" бийин жетиштүү деңгээлде тартуулашты.
Бүткүл дүйнөлүк фольклордун алкагында башкырлардын - түшелдерек салттуу төш жасалгасынын бет ачары болуп өттү. Уникалдуу төш жасалгасы табигый таштар менен гана кооздолбостон, катышуучулар өзүлөрү менен кошо алып келишкен 5 континенттин монеталары менен да жасалгаланып, алардын ичинде кыргыз сому да орун алды.

Иш-чарада 28 концерттик аянтча болуп, анда 61 концерттик спектакль көрсөтүлдү. Уфа шаарындагы "Сердце Фольклориады" аттуу башкы аянтча, 22 муниципалитеттеги аянтчалар, “Волна”, “Первомайский” жана “Демский” парктарынын фан-зоналарына, көргөзмө аянтчаларына баш-аягы 300 миңден ашуун адам катышкан.

Белгилей кетсек, бул уюмга Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп биздин мамлекет толук кандуу мүчө болуп кирген. Кыргызстандын бул уюмга толук кандуу мүчө болуп кириши өлкөбүздөгү улуттук топтордун, музыканттардын, бийчилердин, кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн жана элдик чыгармачылык жаатында иш алып барган жарандарыбыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.