Бишкек шаарынын мэриясында  экономика жана каржы иштери боюнча вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы алдында кирешелер боюнча штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Штабдын ишине райондордун башчылары, Бишкек шаарынын мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчылары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Штабдын мүчөлөрү Бишкек шаарында чарбалык ишмердүүлүктү жүргүзүп жаткан объектилердин жана ишкердиктин субъекттеринин жайгашкан жерин санариптик картага киргизүү үчүн ишкердик субъектилерине биргелешип сурамжылоо жүргүзүү маселесин карашты.
Буйрук Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги тарабынан берилген.

Сурамжылоолор санариптик картага Октябрь районунун аймагындагы объектилердин жана ишкердик субъектилеринин жайгашкан жерин киргизе баштады. Учурда  жайгаштыруу картасында 2820 субъект жайгаштырылган.

Штабдын жыйынтыгы менен райондордун башчыларына райондук салык кызматы жана райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте борбор калаанын аймагында иш алып барган объектилердин жана ишкердиктин субъекттеринин жайгашкан жерин санарип картага киргизүү үчүн сурамжылоо жүргүзүү үчүн мобилдик топторду түзүү тапшырылды.

2021-жылдын 21-июлунан тарта шаардын калган райондорунда картага түшүрүү башталат.