Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз  объектилерден бошотуу иштерин улантууда.  

«Ак-Ордо» конушунда Гагарин жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган желимдөө жайы демонтаждалды. Ошол эле даректе “Дордой-Транс” ЖЧК маршруттук таксинин  жайы алынды.

“Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында  тротуардын курулушуна тоскол болуп жаткан  Жукеев-Пудовкин көчөсүндө №19, 24,34 үйлөрдүн капиталдык тосмолору алынды.

Акылбеков жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишиндеги 20-тонналык контейнер муниципалдык аймакты бошотту.

Жолдорду оңдоонун алкагында Карасаев көчөсүндө түшүндүрмө иштеринен соң соода күркөсү ээсинин өз ыктыяры менен алынды.  
Ахунбаев көчөсүндө тиешелүү документтери жок жарнамалык конструкция алынды.

Андан тышкары  биздин топ Жал кичи районундагы темир текчелерди  алышты.  Каркыра жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде дүкөн түрүндөгү жеңил типтеги объект демонтаждалды.

Тыныстанов көчөсүндө да чектөөлөр алынды, Бурдинская жана Талды-суу көчөлөрунүн кесилишинде эки контейнер демонтаждалды.
Түштүк-2 кичи-районунда тиешелүү документтери жок күркө алынып салынды.