“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан жол инфрастуктурасын жогорулатуу, жол чийиндерин чийүү жана жол белгилерин орнотуу, чуӊкурларды жамоо жана жаман абалга келген жерлерди оӊдоо, долбоорго ылайык жаракаларды бүтөө боюнча иштер активдүү аткарылууда.

Чүй-Шопоков жана Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиштеринде жаркалар бүтөлдү.

Панфилов-Токтогул, Жибек Жолу- Кулиев, Элебесов-Аул, Горький-Панфилов, Панфилов-Токтогул, Чүй-Ибраимов, Жаш Гвардия-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги аймактар көрктөндүрүлдү.

Бөкөнбаев-Манас, Түштүк магистраль-Алма-Ата, Алыкулов-Дэн Сяопин, Манас-Түштүк магистралынын кесилиштериндеги жаман абалга келген жерлерди оӊдоо иштери аткарылды.

“Коопсуз шаар” долбоорунун камералары бар көчөлөрүнүн чуӊкурлары жабылды. Алар: Ибраимов-Чүй (батыш жана чыгыш тарабы), Лермонтов-Жибек Жолу, Чүй-Абдрахманов, Чүй-Манас, Бөкөнбаев-Манас, Ахунбаев-Абдрахманов, Ахунбаев-Манас, Чүй-7-Апрель, Жибек Жолу-Абдрахманов көчөлөрүнүн кеилиштери.

Белгилей кетсек: Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн патрулдук милиция кызматынынын көрсөтмөсүнө (предписание) жана текшерүү актысына ылайык кесилиштердеги режим өзгөргөн учурда жол белгилерин ширетүү, оӊдоо, алмаштыруу жана сырдоо, жол чийиндерин чийүү жана өчүрүү, чуӊкурларды бүтөө иштери күн сайын жүргүзүлүүдө.