Борбор калаа муниципалитетинин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов борбор калаадагы реконструкциялана турган тротуарлардын жана Түгөлбай-Ата көчөсүнүн абалы менен таанышты.

“Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында, Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен Түгөлбай-Ата көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа жолун реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.

Оңдолуп жаткан тилкенин узундугу 1280 метр, ал эми жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 15,6 метр. Ошондой эле тротуарлар жана сугат тутуму жаңыланат. Жолдорду оңдоо учурунда оңдоо иштеринин башталышына тоскоол болгон айрым объектилер дагы бузулат.

Бөкөнбаев көчөсүнүн тротуарын текшерүү учурунда, шаар башчысы бир катар эскертүүлөрдү белгилеп, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасына аларды тез арада оңдоп баштоону тапшырды.

Бактыбек Кудайбергеновго шаардыктар дагы суроолор жана сунуштар менен кайрылып жатышты. Ал аларды кунт коюп угуп, берилген бардык суроолорду көзөмөлгө алды.