Борбор калаанын акимчиликтери ишкерлердин, менчик ээлеринин, ижарачылардын жана чарбакер субъекттердин кызматкерлеринин ортосунда санитардык ченемдердин сакталышы жана эмдөөнүн зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

«Tommi Mall» соода жана көңүл ачуу борборунда 50дөн ашуун кызматкерге бардык эпидемиологиялык эрежелер  жана талаптарга ылайык эмдөө жүргүзүлдү. Аларды Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев колдоду.

Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков, акимиаттын кызматкерлери, МАБ кызматкерлери жана кварталдык комитеттердин төрагалары Ковид-19га каршы кытайдын «Sinopharm» вакцинасын алышты.

Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов, акимиаттын кызматкерлери, МАБ кызматкерлери, мектеп директорлору, мугалимдер жана райондук комитеттер COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүштү жана эмдөө борборлорунда вакцинаны алууну улантышууда.

Биринчи май акимиатынын жетекчилиги жана кызматкерлери, райондук МАБ, мектеп директорлору жана мугалимдери, ошондой эле райондук комитеттердин төрагалары Кытайдын Ковид-19 вирусуна каршы «Синофарм» вакцинасын алууну улантууда. Турак жайларда күн сайын диний мекемелердин өкүлдөрү, базардын кызматкерлери жана тургундары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле, "Бишкекжылуулукэнерго" КИнын 50дөн ашык кызматкери, “Бишкек троллейбус башкармалыгынын” айдоочулары жана кызматкерлери жалпысынан 46 адам  кытай вакцинасын алышты.

Акимчиликтер ишкерлерге жана ишканаларга кызматкерлерге алгачкы эмдөөлөрдү уюштурууда жардам берүүгө даяр. Каалоо баракчаларын райондук администрацияга тапшыруу  керек. Белгилей кетсек,  эмдөө бул коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуучу эң натыйжалуу ыкма.

Урматтуу шаардыктар, Бишкек шаарынын мэриясы ар бир адамды этияттык чараларын көрүүгө жана жабык жайларда, коомдук транспортто бет кап кийип жүрүүгө, коомдук аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болуп, эмдөөгө чакырат. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!