Алдыдагы жылуулук берүү мезгилине даярдык толук кандуу жүрүп жатат  жана "Бишкекжылуулукэнерго" КИнин бардык отканаларында оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө дагы жети откана даяр: Кайыңды, №86ОМ, Горархив, Сүт ашканасы, Байыр, №705 Аскердик бөлүк жана №21 ОМ.
Отканаларда  отказандарды оңдоо жана тазалоо, насосторду, жөнгө салуучу бекиткичтерди, электр жабдууларын, контролдоп-өлчөөчү приборлордун  автоматикасын оңдоо жана косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Отканалардагы бардык иштер бекитилген графикке ылайык аткарылууда, ишкананын бардык 66 отканасы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына даяр болот.