15-22-июль аралыгында Стамбул шаарында (Түркия) өткөн «Түрк тилдүү улуттардын маданияты»  эл аралык фестивалында жаш бишкектиктер биринчи орунду ээлешти.

№93 мектептин окуучулары Айпери Шаршеналиева, Бегимай Жолчубекова, Алихан Жайлобаев, Эллада Мейманбекова жана Тинатин Осмонова  фестивалга катышып, жеңишке ээ болушту.  Балдарды жеңишке алардын музыкалык насаатчылары Азиз Батыров жана Ишенаалы кызы Гүлзарида алып барышты.

Жаш таланттар музыкалык номерлерди улуттук аспаптарда жана улуттук бийлерде аткарышты.

Бишкек шаарынын мэриясы бул жеңиш менен куттуктайт жана катышуучуларга чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.