Свердлов районунда калкка эмдөөнүн маанилүүлүгү жана зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери уланууда.

Түшүндүрүү иштерине 10 мектептин мугалимдери, ошондой эле Аламүдүн базарынын кызматкерлери катышты. Шаардык жана райондук социалдык фонддун, райондук салык кызматынын жана "Бишкексууканал" ӨЭБ нын кызматкерлери үчүн жер-жерлерде эмдөө уюштурулду.

Борбор калаанын акимиаттары ишкерлерге жана ишканалардын кызматкерлерине алгачкы эмдөөлөрдү уюштурууда жардам берүүгө даяр. Кайрылгандардын тизмесин райондук администрацияларга тапшырышуу  керек.

Урматтуу шаардыктар, Бишкек шаарынын мэриясы ар бир адамды этияттык чараларын көрүүгө жана жабык жайларда, коомдук транспортто бет кап кийип жүрүүгө, коомдук аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болуп, эмдөөгө чакырат. Вакцинация - коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуучу эң натыйжалуу ыкма. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!