Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун вице-мэрлер, райондордун акимдери жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери  менен кезектеги пландык жыйыны өткөрүлдү.

Пландоо кеңешмесинин катышуучулары "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө отчетту  жана шаардык коммуналдык кызматтардын  "Өндүрүштүк жумуштарды эсепке алуу" автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгуу маселесин талкуулашты.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы  шаардын жалпы узундугу 9 420 погон метр болгон 11 көчөдө иштерди баштады.  Конуштарда 13,2 чакырым жолго шагыл төшөлгөн. Жолдорго 1158 жол белгиси, калаанын көчөлөрүнө 4 аялдама комплекси орнотулуп, 20 көчө кесилишинде жол белгилери жаңыртылды.

Турак жай-коммуналдык чарба ишканаларында 53 видео байкоочу камералар орнотулган, мобилдик тиркемелер төмөнкү муниципалдык ишканаларда пайда болгон: "Бишкекжашылчарба", "Тазалык", "Бишкекшаарлифт", "Бишкекжарык", "Бишкекасфальтсервис".

"Тазалык" муниципалдык ишканасында  VPN каналы аркылуу "Электрондук документ жүгүртүү" автоматташтырылган маалымат тутуму киргизилип, учурда электрондук түрдө документ жүгүртүүнүн үстүндө иштеп жатат. Ишкананын адистештирилген жабдуулары GPS трекерлери менен жабдылган. Ишкана 257 кызматкердин маалыматтарын "Өндүрүштүк жумуштарды эсепке алуу" автоматташтырылган тутумуна киргизди.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы жумуш процесстерин автоматташтырууну жана санариптештирүүнү камсыз кылуу үчүн "Жумуш өндүрүшүн эсепке алуу" мобилдик тиркемесине 888 кызматкердин маалыматтарын киргизди. Бишкек шаарынын мэриясынын жана "Арча" АКнун  демилгеси менен ЕККУнун колдоосу менен 2019-жылы “Бишкек шаарынын жашыл аянтчаларын инвентаризациялоо үчүн программалык камсыздоо жана мобилдик тиркеме” долбоору иштелип чыгып, ишке киргизилген.