22-июлга караган түнү Ала-Арча дарыясынан "Кашка Суу" платинасы аркылуу шаарыбызга 5 куб суу келди.

Андан тышкары Аламедин дарыясынан 8 куб суу жана Чыгыш ЧЧКсынан 2 куб метр суу берилген. Калаабызга берилген сууну “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын сугатчылары жана агрономдору райондор боюнча бөлүшкөн.

Сугат иштери "Ынтымак" , "Ден соолук" сейил бактарында, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларында жүргүзүлгөн.

Ошол эле учурда Панфилов, Тыналиев, Жукеев-Пудовкин, Байтик-Баатыр, Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүндө сугат иштери өткөрүлдү.
Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди шаарыбыздын арыктарына жана кудуктарына таштандыларды таштабооңуздарды суранабыз!