Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгында борбордун муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине ижара укуктарын узартуу боюнча комиссиянын пландуу жыйыны болуп өттү.

Жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде жер тилкелерин узартуу жана берүү маселелери, ошондой эле башка маселелер каралды.

Комиссиялар жер тилкелерин ижарага берүүдөн борбордун бюджетин өз убагында толтуруу жана жарандардын жер жаатындагы  укуктук мамилелери боюнча маселелерин тезинен чечүү максатында айына кеминде бир жолу өткөрүлөт.

Жер тилкесин пайдалануу укугун узартуу боюнча комиссияда 36 суроо каралып, анын 22 маселеси оң жака чечилди. 14 суроо кошумча кароо үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырылды.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине ижара укуктарын берүү боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү.

Комиссиянын кароосуна 85 маселе сунушталып, анын ичинен 47 маселе боюнча оң чечим кабыл алынды.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Жерди пайдалануунун жана куруунун эрежелерин сактоону, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдалангандыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөп берүүнү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына (УЗР) Бишкек шаары, Чокморов көчөсү №246 дарегине кайрылсаңыздар болот. тел: (0312) 45-42-73.