Күн сайын Биринчи май районунда ар кайсы чөйрөдөгү ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле, медицина кызматкерлери, өзүн жана жакындарын вирустан сактоону каалаган жооптуу жарандар акысыз эмдөөдөн өтүп жатышат.

Өз кезегинде, бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо менен “Коломто” муниципалдык ишканасынын 20 кызматкери жана жашоочулары, №2 бала бакчанын 15 кызматкери, тез жардам кызматынын 10го жакын кызматкери “Sinopharm» кытай вакцинасынан өтүштү. Көчмө мобилдик топ жерине баруу менен вакцинациядан өткөрүшүүдө. Алгач дарыгердин кароосунан өткөрүлүп, дене табы жана кан басымы текшерилгенден кийин эмдөө процесси жүрүп жатат.

Эмдөө Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ҮМДБнын тажрыйбалуу жана жооптуу дарыгерлери тарабынан жүргүзүлүүдө. Акимчилик ишканалардын, уюмдардын кызматкерлерине жана ишкерлерге алгачкы эмдөөдөн өтүүгө көмөк көрсөтөт. Сиздер ал үчүн муниципалдык администрацияга каалоочулардын тизмесин берсеңиздер болот.

Кымбаттуу шаардыктар! Сиздердин жоопкерчиликтүү мамилеңиздерге ыраазычылык билдирип, эмдөөдөн өтүүгө чакырабыз. Биз Сиздерден санитардык ченемдерди жана талаптарды сактоону: беткап тагынууну, социалдык аралыкты сактоону, антисептикалык каражаттарды колдонууну, имаратты желдетип турууну өтүнөбүз. Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!