Октябрь районунун 12-кичи районундагы "ДК" соода борборунда  эмдөө пункту ачылды. Иштөө убактысы 8: 0дан 21:00гө чейин.

Эмдөө ала турган адамдардын жанында паспорту болушу керек, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина жөнүндө маалыматтар) Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин COVID-19 эмдөөсүнүн базасына киргизилет.

Ошондой эле, Октябрь районунда коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу иштери улантылууда.

Октябрь районунун мобилдик тобу эл көп чогулган жерлерде санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин жана талаптардын аткарылышын камсыздоо максатында рейддерди өткөрүүнү улантууда. Бул жолу коомдук тамактануу жайлары текшерилди. Ковид-19га каршы эмдөөнүн зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жигердүү жүргүзүлүп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек мэриясы коомдук жайларда, коомдук транспортто бет кап кийүүгө, социалдык аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болуп, эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Вакцинация - коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуучу эң натыйжалуу ыкма. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!