Бишкекте борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачеванын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мектептердин жаңы окуу жылына даярдыктары текшерилди.

Мындай текшерүүлөр  Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун тапшырмасы меннен өткөрүлдү.

Ленин районундагы №47, 72, 95, 44, 84 мектептеринин даярдыгы текшерилди.

Тамактануу жайы, ашкана,  медициналык бөлмөлөр, эмгекке үйрөтүүчү бөлмөлөр, үй чарбасынын бөлмөлөрү, физика, химия жана биология кабинеттери, лабораториялар, тазалоочу шаймандарды иштетүүчү бөлмөлөр жана жууну бөлмөлөрү текшерилди.

Жалпысынан, окуу жылынын башталышына карата кызуу даярдыктар жүрүп жаткандыгын жана эпидемиологиялык кырдаал турукташса,  борбор калаадагы 97 мектептин бардыгы Билим күнүнө эшиктерин ачарын белгилей кетүү керек.