23-июлга карата борбор калаада 883 адам айыкты.

Бирок, жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 678, шаардык каттоодо 562: Ленин району - 224, Биринчи май району - 104, Октябрь району - 116, Свердлов району - 118. Шаарда каттоосу жок - 116.

678 адамдын 618и симптому бар, 20сы симптомсуз, 616сы амбулатордук дарыланса, 62си стационардык. Тилекке каршы, 5 адам каза болду.

Урматтуу шаардыктар!  Көпчүлүк шаардыктар оорунун белгилери байкалса, дароо кеңеш же медициналык жардамга кайрылышат, өзүн-өзү изоляциялашат. Сураныч, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана ченемдерди сактай берели: бет кап тагынып,  имараттын ичин желдетип, колуңузду тез-тез жууп, аралыкты сактаңыз жана вакцина алыңыз. Биз бирге жеңишке жетебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.