Борбор калаанын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун амбулатордук кызматын уюштуруу үчүн 7 санитардык  унаасын сатып алууга тендер жарыялайт.

Атайын унааларды сатып алууга 14 миллион 740 миң сом каралган.

Жумушчу топ унаа сатып алуу үчүн техникалык мүнөздөмө иштеп чыккан.

Буйруктун негизинде сатып алуулар процедурасын өткөрүү үчүн тендердик комиссия түзүлгөн.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун амбулатордук кызматын уюштуруу үчүн санитардык  унааларын сатып алууга тендер жарыяланат.