Свердлов муниципалдык администрациясынын жыйындар залында башчы Бахтияр Карамшаковдун төрагалыгы астында өткөн алты айдын жыйынтыгы боюнча райондук коллегия болуп өттү. Коллегияга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, вице-мэр Русланбек Акылбеков, муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлери, шаардык жана райондук кызматтардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышышты.

Коллегиянын отурумунда 2021-жылдын I жарым жылдыгындагы Свердлов районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2021-жылдын  II жарым жылдыгына карата милдеттери каралып, райондун башчысынын биринчи орун басары, турак жай, коммуналдык чарба, курулуш жана транспорт маселелери боюнча башчынын орун басары жана аппарат жетекчиси отчет беришти.

Коллегиянын жүрүшүндө мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов муниципалдык администрациянын башчысына, башчынын орун басарларына тамчылатып сугаруу, коронавирус инфекциясын алдын алуу, шаардыктар арасында карантиндин эрежелерин сактоо, эмдөөдөн өтүү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, башаламан сооданы жок кылуу,  турак жана турак эмес жайларды өрттөн, табигый кырсыктардан жана башка камсыздандыруу сыяктуу маселелердин чечүү жолдорун аныктоо боюнча тапшырмаларды койду.

Салыктар жана жыйымдар боюнча пландалган тапшырмаларды аткаруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын патенттин негизинде салыктарды жыйноо боюнча начар иштегендиги белгиленип, анын кесепетинен 15,9 млн сом суммасында план аткарылган эмес. Ошондой эле, салык органдары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн резервдерди толук издеп жатышпагандыгы белгиленди.

Коллегиянын жыйынтыгында муниципалдык администрациянын коллегиясы Бишкек шаарынын мэриясынын тартип комиссиясына төмөндөгүлөргө сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуштама жөнөтүү чечимин кабыл алды.

- патенттин негизинде белгиленген салык боюнча планынын аткарылышын жетишсиз контролдогондугу үчүн муниципалдык администрациянын башчысынын биринчи орун басары Садык Токтосунович Мырзакматовго;

- COVID-19 коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча начар иш алып баргандыгы үчүн муниципалдык администрациянын башчысынын орун басары Асель Сыдыковна Садыковага;

- Райондун аймагында санитардык тазалоону уюштуруу, жашыл өсүмдүктөрдү сугаруу боюнча жетишсиз иш алып баргандыгы үчүн муниципалдык администрациянын башчысынын орун басары Рустам Асаналиевич Касымбековго.