Бактыбек Жапарович спортчуну, анын машыктыруучусун жана Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору Молдодосов Уланды жетишкендиктер менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Бекдөөлөт олимпиалык оюндарга  2021-жылынын 24-июлунда учуп кетти.

Спорттун эл аралык класстагы чебери Бекдөөлөт Расулбековго 100 000 сомдук сертификат, анын машыктыруучусу СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучу Молдодосов Омуржанга 50 000 сомдук сертификат тапшырылды.  
Бекдөөлөт Расулбеков – Азия чемпионатынын коло медалынын ээси, Азия чемпионаты 2019 3-орунга ээ болгон, Таиланд, Ташкент жана Иран шаарларында өткөн Лицензиялык оюндарда 1-орунга  ээ болгон. Олимпиалык лицензияга ээ болуу максатына жетишти.