Биринчи май районунун акимчилигинде вице-мэр Русланбек Акылбековдун жана башчы Максат Нусувалиевдин төрагалыгы алдында коллегиялык отурум өткөрүлдү.

Коллегиянын мүчөлөрү башчынын орун басарларынын жетектеген багыты боюнча 2021-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган иштери жана 2-жарым жылдыкка карата ташырмалары жөнүндө маалыматты угушту.

Коллегиянын жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэриясынын тартиптик комиссиясына жашыл көчөттөрдү сугаруу жана короновирустук инфекция менен күрөшүүдө жетишсиз иш жүргүзгөндүгү үчүн МАБдардын башчыларына жана:

- башчынын биинчи орун басары -Сатыбек Каныбековго;
- башчынын орун басары -Аида Рысбаевага;
-  турак жай, коммуналдык чарба боюнча башчынын орун басары - Мавлян Аскарбековго сөгүш жарыялоо жөнүндө сунуш берүү чечим кабыл алынды