24-июлга карата борбор калаада 811 адам илдеттен сакайды.
Бирок, коронавирустун жана пневмониянын 661 жаңы учуру катталды. Анын ичинен 534ү шаардык каттоосу менен: Ленин району - 171, Биринчи май району - 141, Октябрь району - 114, Свердлов району - 108, шаарда каттоосу жок - 127.

617 адамда оорунун белгилери бар, 44ү симптомсуз, 564 адам амбулатордук, 97 адам стационардык дарыланууда. Тилекке каршы, 8 адам каза болду.

Урматтуу шаардыктар! Сураныч, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана ченемдерди сактаңыздар: бет кап кийип, имараттын ичин желдетип, колуңузду тез-тез жууп, аралыкты сактаңыздар жана эмдөөдөн өтүңүздөр. Биз бирге бул илдетти жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр.