Бүгүн, Ленин районун  башчысы Мурат Осмоновдун төрагалыгы астында жана Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбековдун катышуусунда муниципалдык администрациянын коллегиясынын жыйыны болуп өттү

Коллегиянын мүчөлөрү башчынын орун басарларынын 2021 – жылдын биринчи жарым жылдыкта аткарган иштери жана 2021 – жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдетери боюнча маалыматтарды угушту.

Ленин районунун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана экинчи жарым жылдыктын милдеттери каралууда. Докладдарды райондун акиминин орун басарлары жасады.

Жыйындын сонунда  Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков жана коллегиянын төрагасы Мурат Осмонов башчынын биринчи орун басары Алтынбек Маматовка башаламан сооданы жоюу, кирешени көбөйтүү жана резервдерди табуу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды. ТЧК, боюнча башчынын орун басары Бакыт Караевге жашыл бак-дарактарды сугаруу, санитардык тазалоону уюштуруу, турак жайларды газдаштыруу жана аймакты көрктөндүрүү боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды. Ал эми башчынын социалдык суроолор боюнча орун басары Айзада Джунусовага "Ковид-19" оорусуна каршы вакцина алуу жана карантинди сактоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырмасы берилди.

Коллегиянын токтомунун чечими менен Бишкек шаарынын мэриясынын тартип комиссиясына сөгүш түрүндөгү тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө сунуштама жөнөтүүнү чечимин кабыл алышты:

- башчынын биринчи орун басары Алтынбек Маматовка - бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн аткарбагандыгы үчүн;

- башчынын орун басары Айзада Джунусовага - "Ковид-19" коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча жетишээрлик иш алып барбагандыгы үчүн;

- башчынын орун басары Бакыт Караевге  - районду санитардык тазалоону уюштуруу, жашыл ак-дарактарды сугаруу боюнча жетишеерлик иш алып барбагандыгы үчүн.