Бүгүн, Октябрь районун  башчысы Данияр Арпачиевдин төрагалыгы астында жана Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбековдун катышуусунда муниципалдык администрациянын коллегиясынын жыйыны болуп өттү.

Октябрь районунун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана экинчи жарым жылдыктын милдеттери каралууда. Докладдарды райондун акиминин орун басарлары жасады.

Жыйындын соңунда Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков жана коллегиянын төрагасы Данияр Арпачиев башчынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакуновга башаламан сооданы жоюу, кирешени көбөйтүү жана резервдерди табуу боюнча иштерди жүргүзүү, ТЧК боюнча башчынын орун басары Өмүрбек Тайтелиевге жашыл бак-дарактарды сугаруу, санитардык тазалоону уюштуруу, турак жайларды газдаштыруу жана аймакты көрктөндүрүү боюнча иштерди күчөтүү, ал эми башчынын социалдык маселелер боюнча орун басары Айнура Арстамбековага "Ковид-19" оорусуна каршы вакцина алуу жана карантинди сактоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Коллегиянын жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэриясынын тартиптик комиссиясына жашыл көчөттөрдү сугаруу жана короновирустук инфекция менен күрөшүүдө жетишсиз иш жүргүзгөндүгү үчүн МАБдардын башчыларына жана:

- башчынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакуновга – баш аламан сооданы жоюу ишин тийиштүү денгэлде аткарбагандыгы үчүн;

- башчынын орун басары Айнура Арстамбековага - "Ковид-19" коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча жетишээрлик иш алып барбагандыгы үчүн сөгүш жарыялоо жөнүндө сунуш берүү чечим кабыл алынды.