Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз курулуштарды бузууну улантууда.  

Биздин топ «Ак-Босого» конушунда Чуй-30 көчөсүндө вагон түрүндөгү жеңил типтеги объектти алып салышты. Логвиненко жана Токтогул көчөлөрүндө мыйзамсыз орнотулган күркө муниципалдык аймакты бошотту. Түшүндүрүү иштеринен кийин Айтиев көчөсүндө тосмолор алынды.

“Ак-Ордо” конушунда жарнамалык конструкциялар алынды. Умөталиев, Токтогул, Москва, Кулиев, Лев Толствой, Панфилов, Раззаков көчөлөрундө жана Жаш Гвардия бульварыныда 50дөн ашык мыйзамсыз жарнамалык конструкциялар демонтаждалды. Үй ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.