25- июлда №78 мектептин директору Джумалиев Мурат Сыражыдинович дүйнө салды.

Ал 1960-жыдын 27- апрелинде  Нарын жергесинде туулган, 1982-жылы Кыргыз улуттук университетин аяктап, география мугалиминин кесибине ээ болгон.  

Мурат Сыражыдинович 39 жылдан ашык өмүрүн жаш муунду тарбиялоого жана окуутусуна арнаган, инсан катары өз тегерегиндегилерге жаңылаанууга жана жеңиштерди багандырууга мотивация берип турган адам эле.

2020-жылдын август айынан ушул күнгө чейин №78 мектепти жетектеп жаткан, ага чейин №85 мектептин жана  №5 улуттук компьтердик гимназиясында директор болуп эмгектенген.

Педагогикалык жаатында ийгиликтерди жараткандыгы үчүн "Билим берүүнүн мыктысы", көптөгөн ардак грамоталарын менен белгиленген.  
Мурат Сыражыдинович дос, пикирлеш, насаатчы жана чоң инсан эле, агайдын жаткан жериңиз жайлуу болсун!
Борбор калаабыздын мугалимдеринин атынан үй-бүлөсүнө жана жакындарына тереең кайгыруу менен көңүл айтабыз!