Борбор калаадагы эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу, белгиленген талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддерди өткөрүүгө аргасыз болдук.

Бет каптын, дезинфекциялоочу килемдердин, антисептикалык каражаттарын жана кызматкерлердин ден соолугун каттаган китептин жоктугу, социалдык аралыктын сакталбагандыгы үчүн  айрым мекемелерге айып пул салынды.

Айып пул "Тамшан", "Ашлянфу", "Ин Лаваш", "Поварёшка", "Изюм", "Евразия", "Печки-Лавочки", "Ходжа Насреддин", "Микаса", "Халил", " Beef burgers ”,“ Inlavash”,“ Нишан ”,  “Адыш-Ата”, “Шайын апа”, “Бухара ассорти”, “Буржуй”, “Covallo cofee” (“Bishkek Park” СБ), “Deli Team” ( “Bishkek Park” СБ)коомдук тамактануу жайларына салынды.

"Народный", "Глобус", "Шекер" гипермаркеттери, «Фанат», «Глобал», «Арена» компьютердик клубдары жана "Li-Ning", "Plus", "Euforia" дүкөндөрү ("Bishkek Park" СБ), Ф7 ("Детский Мир" соода-көңүл ачуу борбору) жана "Бай Түшүм" банкы дагы талаптарды бузушкан.
«Партнёр Кей Джи», «Ринго Трейд», «Медсервис KG», «Фармстор», «Бимар», «Детский Мир Кей Джи» компаниялары, "Берен Голд" соода борбору дагы мыйзам бузуучулардын катарына кирди.

Бардык мыйзам бузуучулар Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 293-беренеси боюнча айып пул төлөшөт, жеке адамдарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом.