Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиевдин катышуусу менен учурда жол оңдоо иштери жүрүп жаткан Новая көчөсүнө көчмө кеңешме өткөрүлдү.

Аталган кеңешмеге Сокулук мамлекеттик администрациясынын акими Баеке уулу Болот катышты.

Көчмө кеңешмеде Жеңиш конушуна жана Сокулук районунун Пригородное айылына кире беришиндеги чегинде жайгашкан, узундугу 500 метрди түзгөн көчө тилкеси боюнча маселе каралды.

Жол оңдоо иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук жаратып жаткан Пригородное айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 2 обьектини алып салууга туура келет. Администрация бул маселени чечүү үчүн учурда иш алып барууда.

Көчөлөрдү реконструкциялоо иштери «Бишкек шаарындагы көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун 2-фазасынын алкагында, Кытай грантынын каржылоосу менен жүрүп жатат.