26-июлга карата борбор калаада 1087 адам илдеттен сакайды.

Жаңы катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 637 учурду түздү, алардын ичинен 538 шаарда каттоодо турган жарандар: Ленин району - 194, Биринчи май району - 111, Октябрь району - 127, Свердлов району - 106. Шаарда каттоосу жок - 99. Жалпы  учурлардын ичинен 612 учур белгилери бар, 25 учур белгилери жок, 539 учур амбулатордук дарыланууда, 98 учур стационарда дарыланышууда.

Тилекке каршы, 8 өлүм учуру катталды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздердин жоопкерчилигиниздер үчүн рахмат. Көпчүлүк шаардыктар оорунун кичинекей белгилери байкалса, дароо  медициналык кеңеш же жардамга кайрылып, өзүн-өзү обочолоодо.  Биз бирге жеңебиз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.
Сиздерден  бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди  жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуздар. Биз бирге жеңебиз!