Бир нече жумадан кийин биз Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейбиз. Биз шаардыктарга жана борбордун конокторуна сүйүктүү шаарыбыздын эң сонун мүнөздөгөн кыска окуяларды айтып берүүнү чечтик. Бүгүн биз эң ырайымдуу кесип - социалдык кызматкер тууралуу сөз кылабыз.

Адамдарга жардам берүү – бул менин жумушум, бул сөздү маегибиздин башында Даткаева Гульназ Токоновна айтты. Гульназ эже социалдык кызматкер, тандаган ишин  өзүнүн кесиби деп эсептейт.

Гульназ эженин келишин чыдамсыздык менен күтүшөт - бирөө терезенин жанында, кимдир бирөө төшөктө жатып.
Эртен менен саат 8де  жумушу башталат, баардык кызмат алуучуларын кыдырып, баарына  барганга аракет кылат, анкени ала үчүн көнүл буруу өтө маанилүү.

Колунда азык түлуктун тизмесин, төлөө квитанциялары жана коп ар кандай ташырмалар блокнотко  жазылган. Баарын эстеп калуу мүмкүн эмес, бирок  бир нерсени унутуу ансыз да аялуу пенсионерлердин көңүлүн оорутат. Гүлназ эже өзүнүн жакын карыларын көргөндө, дароо бетинде жылмайуу пайда болот, алар үчүн ал психолог, маектеш, дарыгер жана ашпозчу.

Ушундай ритмде  биздин социалдык кызматкер Биринчи май районунун аймагында 10 жылдан бери иштеп келет. Азыркы күндө Гульназ эженин кароосунда 14 ыраазы болгон улгайган жарандары бар.

Урматтуу Гүлназ Токоновна, жүрөгүңүздүн бир бөлүгүн күн сайын эң муктаж болгон адамдарга арнаганыңыз үчүн Рахмат!