Мени жумушка узаткан, кечинде тосуп алган, жаандан коргогон, чарчаганда отурганга жер болгон, коомдук унааны мени менен чогу күткөн – бул үйүмдүн жанындагы аялдама.

Сенин алдыңда баарыбыз чогулабыз, ар кайсы багытка жол тартабыз, бирок кайрадан сенин алдыңда кезигебиз.

Жарнамаларды аёсуз сага чаптак кеткендерди көрүп аябай кыжырланам. Сенин көркүңдү бузуп, көйнөгүңдү кир кылып кеткендей туям. Аларды кармап жазасын бергим да келет. Томсоруп бара жатканда сени “Бишкекасфальтсервистин” жумушчулары келип, өңүңдү ачып, жаңы көйнөк кийгизип кеткенин көрдүм. Сен эми аябай коозсуң, тазасың. Отургучтарыңды да оңдоп кетишти, карачы, жылтырайсыңго көз уялтып.

Шаар тургундарына да айта кетет элем, бизди жана сизди жолго узаткан, тосуп алган ар бир аялдаманы аярлайлы, жарнама кагаздарын атайын бөлүмүнө чаптайлы, отургучтарына бутубуз менен чыгып сындырбайлы, таштандыны челегине салып, айланасындагы тазалыкты сактайлы. Бул сен жана мен үчүн. Бүгүн, эртең биз ушул аялдамадан жолугабыз, кайрадан жолугабыз!