Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында, биз шаардыктарга  калаабыздын эң жашыл, эң ыңгайлуу жана кооз бульварында - Эркиндикте өткөргөн көз ирмемдерин эстеткибиз келет. Биз ар бир адамдын бул жерге байланыштуу эсинде калган күндөр бар экенине ишенебиз.

Бульвар Пишпек шаары негизделген убакта түзүлгөн деп айтсак болот. 1898-жылы багбандар жана шаардын тургундары Эмен сейил багын отургузуу ишин уюштурушкан, ал эми 1902-жылы Токой күнүндө Булварская көчөсүнүн башталышы болгон гүлбакча коюлган, ал эми азыркы күндө бардык шаардыктар үчүн эӊ атактуу жер.


Бульвардагы  дээрлик ар бир үй өлкөнүн көрүнүктүү адамдарынын ысымдары менен байланышкан жана шаардын тарыхын эстеликтерден жана имараттардан окууга болот.



Совет мезгилинде анын аты бир нече жолу өзгөртүлгөн: адегенде Комсомольская көчөсүнө, андан кийин революционер Дзержинский атындагы көчөгө которулган. Ал эми, эгемендүүлүккө ээ болуу менен бульвар Эркиндик деп атала баштады. Чынында, сиз бульварда болгондо, эркиндиктин жана шыктандырган атмосфераны сезесиз.

Бул жерде сиз бульварга кадам таштап, ар кандай формадагы чоң гүлзарлардын калейдоскопуна туш болосуз, эрте жаздан кеч күзгө чейин алар ачык, түстүү килем менен капталгандай. Бул килем азыр, жай мезгилинде өзгөчө, кооз. Ак, кызыл жана сары розалар бар, бир гүл ачаары менен эле башкалары да дароо гүлдөп баштайт.



Бишкек темир жол бекетинин имараты бульвардын түштүгүндө жайгашкан. Борбордун коноктору имараттан чыгаары менен дароо эле Бишкектин башкы кооз жерге келгенин түшүнүшөт!


Эки аллея дароо түндүккө созулат. Сиз көлөкө жараткан жана салкындыкты алып келүүчү эмен дарактарынын курчоосунда аларды аралап өтөсүз, ал эми дарактардын жалбырактары ушунчалык ачык жана ширелүү болгондуктан, ачык көк асман менен айкалышта таасирдүү табияттын сулуулугун жаратат. Башыңызды көтөрсөнүз - суктанасыз! Ал эми бульвардын бул бөлүгүндө эски "Ала-Тоо" кинотеатры бар, айтмакчы, ал акын Жоомарт Бөкөнбаевдин сунушу менен аталып калган.





Бүгүнкү күндө шаардыктар бул жерге эс алуу үчүн келишет. Убакытты активдүү өткөрүүнү жакшы көргөндөр велосипеддерин, роликтерин жана самокаттарын кошо алып алышат, чуркашат, теннис менен ойношот жана таза абада ырахаттанышат. Бул жерде тынч эс алгандар да абдан көп - чоң энелер менен чоң аталар, балалуу энелер. Жайында жайылып жаткан дарактардын түбүндөгү отургучтарда бош орун жок. Паркта жашоо түн бир оокумга чейин кызуу жүрөт, кеткиӊиз да келбейт!