Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата шаардык кызматтардын кесипкөй, талыкпай мээнет кылган кызматкерлери жөнүндө баяндайбыз. Бүгүнкү каарманыбыз “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкери Темирбек уулу Кенжебек.

Инженерлик кесипти аркалап, мэрдин алкыш баракчасына татыган, кыргыз туусундай ийгилиги желбиреп турган, быйыл 30 жашка толуп турган Темирбек уулу Кенжебек. Жол жумушчусунан баштап, ийгиликтерди багындыруу менен  бийиктикке карай өйдөлөп, учурда “прораб” кызматында, татыктуу иш алып барууда. “Иштеген ишин катуу болсо, тиштегениң таттуу болот”, -  демекчи, ак эмгегинин үзүрүн кызматынан өйдөлөгөндө көрө алды. Өз ишине так, жоопкерчиликтүү, шаарды көрктөндүрүүдө эмгеги зор. Ар бир аялдаманын жайгаша турган жерин, ар бир жол белгисинин ордун, тосмолор, торчолор качан, кайда орнотулганын так билип, көрсөтө алган инсан. Жардамга кол сунуп, жаркын келечек тилеген инсан.