Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата шаардык кызматтардын кесипкөй, талыкпай мээнет кылган кызматкерлери жөнүндө баяндайбыз. Бүгүнкү каарманыбыз “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкери Кубанычбек уулу Назым.

Шаарды көрктөндүрүү – биздин милдет. Ар бир көчөгө, аялдамага, темир торчо, тосмолорго кам көрүү менен күнүн баштаган, быйыл 30 жашка толуп жаткан Кубанычбек уулу Назым. Өз ишинин мыктысы, 13 жол жумушчусунун башын бириктирип, баарын тегиз иштетип, тең көрүп, сабырдуулук менен баарын жеңген мырза. Темир тосмолор быйыл көп уурдалгандыктан, орду бош калбасын деп шашып, ордуна жаңысын коюп, ширетип жаткан – бул Назымдын бригадасы. Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналынын тосмолору эскирип, коопту жагдай жаратканына байланыштуу, көпүрөөгө жаңы гана ишкананын устаканасында жасалган тосмодон орнотуп, кары-жашына карабай көпүрөөдөн өткөнгө мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Борборубуздун ар бир тургуну бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек. Андыктан, элибиз көп топтолгон, Кыргыз желеги бийик желбиреген Ала-Тоо аянтына, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн темирден жасалган пандустар орнотулду. Назым Кубанычбек уулу башында турган бригада шаар тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу шарт түзүп берүү иштери менен күн сайын алек.