Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата шаардык кызматтардын кесипкөй, талыкпай мээнет кылган кызматкерлери жөнүндө баяндайбыз. Бүгүнкү каарманыбыз “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкери Өмүрбек уулу Келдибек.

“Жигитке 70 өнөр аздык кылат”. Бул макал Өмүрбек уулу Келдибекке куп жарашат. Ар бир ишти майын чыга аткарып, өзүн ар түрдүү багытта көрсөтө алган инсан. Сейил бак курууда бригадир болгон болсо, ысык күндө асфальт салып да эмгектенген. Борборубузда жайгашкан Бишкек Баатырдын айкелин орнотууда эмгеги зор. “Бишкекасфальтсервис” ишканасы таланттуу, алдыңкы жумушчулары менен сыймыктанат. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгында 30 жашка толгону менен куттуктап, алдыда албан-албан ийгиликтерге жетүүсүн тилеп, сыймыктанат. #30 жыл, 30 жаш!