Унаа жолундагы коопсуздук күн сайын күчөтүү үчүн, “Коопсуз шаар” долбоору штаттык режимде иштеп жаткан кезде, биздин жол чийиндерин чийген бригада ар дайым кызматта. Күндүн ысыгы, ылдам өткөн унаалар бул жумушчуларга тоскоолдук жаратпайт! Ысык күндө ысык пластик менен жол чийинин чийип, 7 жылдан бери Бишкекасфальтсервистин жылдызы аталган инсан бул – Салибеков Жоомарт. Мектеп, бала-бакча, жогорку окуу жайлардын айланасына жол чийиндерин чийип, унаа жолунан жаш балдардын өтүүсү коопсуз болууну көздөгөн инсандар. Жоомарт бул бригаданы алдыга сүрөгөн,  7 жыл ичинде көп нерсени өздөштүргөн, мыкты жол жумушчусу 30 жашта. Эгемен өлкөнүн балдары! 30 жаш!