Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына, карапайым шаардыктар тууралууда баяндайбыз. Мисалы, бүгүн Ош базарынын жаш сатуучусу - Кайрат жөнүндөгү кеп кылабыз.

Келиӊиз эжеке, эмне берейин?! - Ош базарынын сатуучусу жаш жигит Кайрат кардарларына ушинтип кайрылат. Ал сылык, маӊдайы жарык, дайыма жүзүндө шайыр жылмаюу бар. Шаардыктардын ага тартылышы таң калыштуу эмес, алар жаңы жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди тез жана кубаныч менен сатып алышат.

Жаш Кайрат кичинекей кезинен бери сатуучу болуп иштейт, ал 29 жашта. Ата-энесине жардам берип жүрүп, бул ишти улантууда жана келечекте чоң ишкер болууну кыялданат.

«Менин жумушум абдан кызыктуу. Жумуш күнүм эртең мененки саат 7:00дө башталганына карабай, кантип кеч кирип калганын байкабай да калам. Жумушка кээде берилип иштеп кеткенде, саатты карап эле үйгө кетүү керек болуп калат. Күн сайын ар кандай адамдар келет, ар бир сатып алуучу менен тил табышыш керек. Мен ар бир кардарыма жаңы мөмө-жемиштерди сатууга аракет кылам, анткени мен үчүн ал кардардын эртең мага кайра келиши маанилүү. Сатуучулукта продуктуӊузду сатуу гана эмес боорукердик, баарлашуу жана жүзүңүздөгү жылмаюу да керек», - дейт Кайрат.

Сатуучунун жумуш орду көзгө көрүнүктү. Бардык жашылчы-жемиштер сатып алуучуларга жеткиликтүү, жашылчалар жана мөмө-жемиштер ары-бери өткөндөрдү чакыргандай жана да сатуучусунун жүзү жарык.

Кайрат бул жерге көнүп калганын айтат. Жаш жигит күн сайын позитивдүү нерселердин деңизине туш болот, чет өлкөлүктөр бул орто азиянын базарын көргөнгө кызыгып келишет.
“Баса, алар биздин мөмө-жемиштердин, татымалдардын жана жашылча-чөптөрдүн кооз жана ар түстүү катарларын абдан жакшы көрүшөт. Сөзсүз бир нерсе сатып алышат”.

Кайрат кардарларын тейлеши керек, биздин баарлашуу да соңуна чыгууда. А биз шаардыктар жана шаар тууралуу жаңы окуяларды издөөгө чыгабыз.

Кайратка жана бардык сатуучуларга алгылыктуу мээнеттери жана өз ишин сүйгөндүгү үчүн рахмат билдиребиз.